Дордой конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Дордой конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы мантаждоо аяктап, тышкы жасалгалоо жумуштары башталды.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки блоктон турат, жалпы 140 орунга эсептелген.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 159-183-чакырымы курулуп бүттү

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 159-183-чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда жол белгилерин орнотуу, арыктарды коюу, жарыктандыруу жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары тротуар оңдолууда.   Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал –… Кененирээк…

“Санариптик көчмөн” макамы 1 миң 400 адамга берилди

“Санариптик көчмөн” макамы 1 миң 400 адамга берилди.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бул макамды алууга анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, робототехника жана жасалма интеллект тармактарында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк адистер укуктуу. Арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия жарандары… Кененирээк…

Окуучулардын иш дептерлери эми Кыргызстандын өзүндө чыгат

Окуучулардын иш дептерлери эми Кыргызстандын өзүндө чыгат. Бул тууралуу  Билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин окуу дептерлери Өзбекстан жана Россиядан алынып келчү.   Жылына 15 миллион дептер ташылат.  Улуттук баатырлардын, атактуу инсандардын сүрөттөрү тартылган дептерлер эми өзүбүздөн чыгарылат, — деди Иманалиев.

Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлигин 7 адам жылдырды

Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлигин 7 адам жылдырды. БШК маалыматына ылайык, алардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөндөр. Талакерлерди жылдыруу 10-августка чейин созулат.   Комиссиядан такташкандай, бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди жылдыруу, каттоо жана үгүт жүргүзүү сыяктуу жараяндардын мөөнөтү үчкө кыскарат.   Эске салсак, Ленин шайлоо округу… Кененирээк…

Караколдо МГУнун филиалы ачылары пландалууда

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдиргенин маалымат кызматы жазды. Иманалиев министрликтин коллегиясында жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берген. «Башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол… Кененирээк…

Адистер жумушта уйкусуроо менен күрөшүү жолдорун айтып беришти

Адистер жумушта уйкусуроо менен күрөшүү жолдорун айтып беришти. Эң эле натыйжалуу ыкма – физикалык активдүүлүк. Бир нече жөнөкөй көнүгүүлөр организмди ойготуп, стрессти азайтууга жардам берет.   Андан тышкары, таза, муздак сууну ичүү сунушталат. Адистер ошондой эле жумушта сергек болуу үчүн биринчи кезекте уктоо режимин иретке… Кененирээк…

Бишкектин Жал кичи районундагы сквер көрктөндүрүлөт

Бишкектин Жал кичи районундагы сквер көрктөндүрүлөт. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы эс алуу аймагын калыбына келтирүүгө 20 миллион сомдон ашык багыттайт.   Сквер Ахунбаев – Курчатов көчөлөр кесилишинде жайгашкан.

Лондондук “Арсенал” эң кымбат курамга ээ болгон клуб аталды

Лондондук “Арсенал” эң кымбат курамга ээ болгон клуб аталды.   Муну менен лондондуктар “Манчестер Сити” менен “Пари Сен-Жерменди” артта калтырды. Мындай макамды клуб жарым коргоочу Деклан Райсты сатып алуу менен алды.   Футболчулардын жалпы баасы 1 миллиард 210 миллион еврону түзөт. Андан кийинки орунда Англиянын… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда суу маселеси боюнча абал жакшырууда

Бишкекте жана Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн райондорунда суу маселеси боюнча абал жакшырууда. Бул тууралуу Чүй облустук суу чарбачылыгыгынын жетекчиси Үсөн Өмүралиев билдирди.   Анын айтымында, Ала-Арча дарыясынан плотинага учурда секундасына 8 кубометр суу келип жатат. Бул көрсөткүч 12-июлда эле  4 кубометрди түзгөн. Ысыкта мөңгүлөр ээрип, суу… Кененирээк…