Кыргызстан 1 млрд киловатт-сааттан көп электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан 1 миллиард киловатт-сааттан көп электр энергиясын импорттоду. Ушул жылдын январынан май айына чейинки маалыматтар менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү. Көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик беш пайызга азайган.

 

Сатып алынган электр энергиясынын баасы 40 миллион доллардан ашты.

 

Жарыктын басымдуу бөлүгү Түркмөнстан менен Казакстандан алынган. Азырагы Өзбекстан менен Россиядан жеткирилген.

 

Эске салсак, быйылкы жылдын январь айында Кыргызстан электр энергиясынын тартыштыгына кабылган. Бийлик Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу жарыкты үнөмдөөгө азыртан чакырып келет.