АКШ Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө даярданууда

АКШ Кыргызстанга жаңы экономикалык чара көрүүгө даярданууда. The Washington Post басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, мындай кадам санкцияга туш болгон товарлардын Кыргызстан аркылуу Россияга ташылуусуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат.

 

Макалада америкалык жана европалык дипломаттардын Бишкекке жасаган сапарлары жыйынтык бербегендиктен, Вашингтон ушул аптада экономикалык чараларды кабыл алары белгиленген.