Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөө узартылды

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөө 26-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Ага ылайык, жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болот. Мунун себеби Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу.

 

Белгиленгендей, жумуштар 10-августка чейин бүткөрүлөт.