ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргызстан өз позициясын сактап калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуттук курама команда мурдагыдай эле 97-орунду ээледи. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүктө Аргентина, Франция жана Бразилия турат.