Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды

Аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 айыл аймагы бешке чейин кыскарды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү Илияз Иманбетов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлгөн айыл аймактары Юстиция башкармалыгынын каттоосунан өтүп, күбөлүктөрү алынды.

 

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түп районунан башталарын билдирген.