Бишкекте Чүй – Фучик тилкеси эртең унаа кыймылына чектелет. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 21-июлда канализациялык коллекторду орнотуу иштерине байланыштуу аталган кесилиш жабылат.
Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо максатында башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.