Россия өкмөтү Кыргызстандагы окуучуларга мектептен ысык тамак берүү системасын өнүктүрүү долбооруна 15 миллион доллар бөлөт

Россия өкмөтү Кыргызстандагы окуучуларга мектептен ысык тамак берүү системасын өнүктүрүү долбооруна 15 миллион доллар бөлөт.   Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Каражат 2023-2026-жылга каралган Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы менен берилет.   Белгилеп кетсек, соңку 10 жылда мектептердеги тамактандыруу программасын ишке… Кененирээк…

Кыргызстандын аскердик тармагына 2,5 жылда 120 миллиард сом бөлүнгөн

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-июлда өкмөттүн жыйынында Кыргызстанда соңку жылдары аскердик тармакка каражат бөлүү бир канча эсе көбөйгөнүн билдирди. Мындан улам мамлекеттин акчасына техникалар сатып алынып жатканын айтты. «Биз аскердик техниканы жана курал-жарактарды масштабдуу түрдө жаңыладык. 2020-жылы бул багытка 3,5… Кененирээк…

Актер Дуэйн Джонсон Амазон компаниясынын “Кызыл” аттуу тасмасына тартылуу үчүн рекорддук гонорар алат

Актер Дуэйн Джонсон Амазон компаниясынын “Кызыл” аттуу тасмасына тартылуу үчүн рекорддук гонорар алат. Сумма 50 миллион долларды түзөт. Бул Джонсон үчүн рекорддук маяна жана башка актерлор үчүн дагы эң чоң гонорар болуп калды.   Белгилеп кетсек, “Кызыл” тасмасынын мазмуну азырынча жашыруун болууда. Бир гана тасма… Кененирээк…

Ордо калаада жаңы бейтапкана пайда болот

Ордо калаада жаңы бейтапкана пайда болот. Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы эки кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курууга тендер жарыялады.   Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, объект ордо калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашат. Медициналык жайга 1 гектардан ашык жер тилкеси бөлүндү. Бейтапкананын сметалык наркы 110 миллион 840 миң сом.

Кыргызстанда 220 миңден ашык үй-бүлөгө социалдык паспорт берилди

Кыргызстанда 220 миңден ашык үй-бүлөгө социалдык паспорт берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, социалдык паспортто аз камсыз болгон үй-бүлөнүн курамы, бакубаттуулугунун деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалымат камтылат.   Анын негизинде социалдык колдоо чаралары иштелип чыгат.   Социалдык паспортту түзүүдө үй-бүлөнүн, майыптыгы… Кененирээк…

Бишкекте Элебесов көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкекте Элебесов көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматы боюнча, жумуштар анын асфальт-бетонндук заводунан Келечек жаңы конушундагы айланма жолго чейинки тилкесинде жүрүүдө.   Тилкеде жол катмары жаңыртылып, тротуар салынып, ирригациялык тармак өткөрүлөт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 26 миң 500дөн ашык арыз кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 26 миң 500дөн ашык арыз кабыл алынды.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, талондордун басымдуу бөлүгү Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Кыргыз улуттук университетине жана Ош мамлекеттик окуу жайына туура келет.   Ведомстводон белгилешкендей, алдыда дагы 3 тур… Кененирээк…

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө бир күндөн ашык убакытка суу өчүрүлөт

Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00гө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Ичүүчү суу төмөнкү даректерде жок болот: Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская — Шүкүров көчөлөрү, 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, ЧЧК. Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар,… Кененирээк…

Жидда шаарында «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин» I саммити аяктады

19-июлда «Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши» аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммити болуп өттү.   Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин жана делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды. Саммит Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль… Кененирээк…

Жол эрежелерин бузгандар төлөгөн айыппулдан 241 миллион сом түштү

Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежелерин бузуудан алынган айып пулдун эсебинен мамлекеттик бюджетке 241 млн. 310 765 сом түштү. Бул өткөн жылкы ушул убактагы көрсөткүчтөн 38 млн. 647 865 сомго көп. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын (ЖККББ) алты айлык ишинин жыйынтыгы тууралуу жыйынында айтылган маалыматка ылайык, алты… Кененирээк…