Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды. Эгер мындай чара көрүлбөсө дефицит көбөйөрүн энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди
Быйыл электр энергиясына болгон таңкыстык 3 миллиард кВт/саат болсо, кийинки жылдары дагы өсөт. Дефицит 5-6 миллиард кВт/саатка барып калышы мүмкүн,-деди Ибраев.
Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул сунушту колдоп, президенттин жарлыгынын долбоорун чукул даярдоону тапшырды.