ЖОЖдордо кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курстары ачылышы мүмкүн

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курстары ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Аралаш мушташ боюнча федерациянын президенти Нуралы Айдаров билдирди.

 

Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун алкагында чет элдик машыктыруучуларды тартуу пландалууда.