Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат

Быйыл Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун 15 чакырымы курулат. Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев буга чейин беш чакырымы салынганын билдирди.

 

Аталган темир жолдун курулушу былтыр март айынын аягында расмий башталган. Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолду куруу 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылып келет.