Кийинки жылдан тарта накталай формада турак жай, унаа сатып же ижарага берүүгө тыюу салынат

Кийинки жылдан тарта накталай формада турак жай, унаа сатып же ижарага берүүгө тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү иштерди аткарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине тапшырма берди.

 

Өкмөт башчы белгилегендей, бул салыктардын сыртка чыгып кетишин жоюп, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Мамлекеттик кызматтар жана тейлөөлөр 2024-жылдын 1-январынан тарта накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуу, башкаруу, ижарага берүү боюнча бардык операциялар накталай эмес формада гана жүргүзүлүүгө тийиш, — деди Жапаров.