Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан 2024-жылы 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтуусунда, импорт сентябрь айынан декабрга чейин жүргүзүлөт. Электр энергиясы Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан алынат.   Чиновник мунун себебин керектөөчүлөрдүн саны жыл сайын эселеп өсүп жатканы менен… Кененирээк…

Шакира экинчи жолу тергөө алдында турат

Ырчы Шакира экинчи жолу тергөө алдында турат. Испаниянын соту 2018-жылкы салыктык көз боёмочулукка байланыштуу иликтөө баштады.   Эске салсак, Шакира салык төлөөдөн качкан деген жүйөө менен айыпталууда. Ал 2012-2014-жылдар аралыгында 14,5 миллион еврону жашырган деп шектелүүдө.   Бирок ырчы айыпты четке кагып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча биргелешкен комиссия жолугушту

Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу топтору жолугушту. Министрлер кабинети билдиргендей, анда чек араны демаркациялоо маселеси талкууланды.   Ошондой эле айрым тилкелерди жеринен биргелешип изилдөө иштери жүргүзүлдү. Белгиленгендей, сүйлөшүүлөр достук жана түшүнүшүү маанайында өтүп, жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду.

Энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11 млрд сомдон көп бөлүндү

Энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11 миллиард сомдон көп бөлүндү. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн жыйында билдирди.   Каражат энергосекторду капиталдаштырууга, күз-кыш мезгилине даярдыкка, Камбар-Ата ГЭСин курууга жана «Бала-Саруу» чакан ГЭСин салууга жумшалды.

Кыргызстанда декреттик жөлөкпул кийинки жылдан тарта эки эсе көбөйөт

Кыргызстанда декреттик жөлөкпул кийинки жылдан тарта эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 1-январдан баштап жөлөкпулдун республикалык бюджеттен төлөнүүчү бөлүгү тоолуу эмес аймакта иштеген аялдар үчүн ар бир айда 1 миң сомдун ордуна 2 миң сомдон болот.… Кененирээк…

Баткенде жарым жылда 600дөн ашуун ишкерге жеңилдетилген насыя берилди

2023-жылдын 6 айында Баткен облусунда 600дөн ашуун ишкер жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, үстөгү 6%ды түзгөн насыялар «РСК Банк» жана «Айыл Банк» тарабынан жалпы 508 ишкерге берилген жана насыялардын жалпы суммасы 232,1 млн сомду түзөт. Анын ичинен… Кененирээк…

Бишкекте 68 жарнама конструкциясы алынды

Чүй проспектисин бойлой Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнүн кесилишине чейин кире бериш топторду иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 68 жарнама конструкциясы, баннерлер алынды. Жеринде Ленин райондук акимиатынын, МАБдын, Жер пайдаланууну контролодоо боюнча башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барды. Түшүндүрүү… Кененирээк…

Ысык-Көл эң жеткиликтүү пляж багыты боюнча ТОП-5ке кирди

Ысык-Көл эң жеткиликтүү пляж багыты боюнча ТОП-5ке кирди. Россиянын туроператорлор ассоциациясы июлда арзан баада эс алууга мүмкүн болгон курорттордун тизмесин жарыялады.   Ага ылайык, Кыргызстан бермети төртүнчү орунда жайгашат. Ысык-Көл жээгинде эки адамдын 10 күндүк эс алуусуна 99 миң рубль жетет, — деп айтылат материалда.

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда сквер пайда болот

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда сквер пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган тендерге ылайык, жаңы эс алуу аймагы Мурас-Ордо көчөсүндө жайгашат.   Сквер түзүүгө жалпысынан 48,5 миллион сом жумшалат. Анда трибуна, концерттик аянтча, оюн комплекстери каралат. Андан тышкары, отургучтар, көчө жарыгы орнотулуп, ирригациялык система өткөрүлөт.

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды

Этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.   Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистандын жарандары катыша алат. Талапкерлер student.edu.gov.kg онлайн системасында каттоодон өтүшү керек.