Ордо калаадагы «Эркиндик» бульварында шахмат аллеясы ачылды

Ордо калаадагы «Эркиндик» бульварында шахмат аллеясы ачылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземинде аллеяда жаш шахматчылардын жана тогуз коргоолчулардын мелдеши өтүп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

 

Шахмат аллеясында каалоочулардын баары ойной алышат. Алдыда аллеяда шахмат, тогуз коргоол жана столдо ойнолуучу оюндардын түрдүү мелдештерин уюштуруу пландалууда.