Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт

Ош шаарында фотографтардын сынагы өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулат.

 

“Жергемдин жети керемети” аталышындагы сүрөт көргөзмөдө өлкөнүн ар кайсы аймактарынын же шаардын жеке тарыхы, тарыхый эстеликтери, маданий жана социалдык өзгөчөлүгү, кооз табияты, адеп-ахлактык темалары чагылдырылат.

 

Сынакка жети дубандын жана Ош, Бишкек шаарларынын таланттуу фото-сүрөтчүлөрү (топторго бөлүнүп) катышып, өз аймактарын даңазалашат.

 

Жеңүүчүлөр атайын байгелер менен сыйланышат.