Ушул жылдын июнь айында Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 140 өлкөнүн ичинен 82-орунду ээледи. Муну менен мурунку рейтингге салыштырмалуу көрсөткүч 7 позицияга жакшырды.
Интернеттин ылдамдыгын талдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган веб кызматтын маалыматына караганда, өлкөдө мобилдик интернеттин орточо жүктөө ылдамдыгы дээрлик 27,5 Мбит/сек түзөт.
Бул рейтингде коңшу Казакстан 68, Өзбекстан 107, Тажикстан 133, Кытай 10-орунда.