Энергетикадагы өзгөчө кырдаал Энергетика министрлигине жаңы функция берет

Энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал Энергетика министрлигине жаңы функция берет. Бул энергетикалык объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин тездетилген режимде бөлүүгө шарт түзөт, деп билдирди министр Таалайбек Ибраев. Анын айтымында, жер бөлүштүрүү татаал процедура, ал эми жаңы станцияларды куруу таңкыстыктын алдын алуу үчүн зарыл.

 

Белгиленгендей, быйыл өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы үч миллиард киловатт-саатты түзөт. Дефицит учурда импорттун эсебинен жабылууда.

 

Эске салсак, өзгөчө кырдаал режимин ушул жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин киргизүү сунушталууда.