Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркагандар жөлөк пул алышат

2021-2022-жылдары Тажикстан менен болгон чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркагандар жөлөк пул алышат. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.

 

Документке ылайык, төлөмдөр курман болгондордун балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга ай сайын төлөнөт. Анын өлчөмүн Министрлер кабинети аныктайт.

 

Мындан тышкары, дарылануу, турак-жай алуу жана балдарды окутууда да жеңилдиктер болот.