Жакында Нарынга учак каттай баштайт

Жакында Нарынга учак каттай баштайт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда аба майдандагы жаңы аэровокзалдын курулушу аяктап, ички жасалгасы калды.

 

Жаңы имараттын курулушуна “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, асфальт-бетон төшөө иштери жүрүп жатат.

 

Оңдоо иштери аяктагандан кийин, Нарын облусуна ички каттамдар жанданат.