Ташкентте көчөлөрдү жарыктандыруу чектелди

Ташкентте абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу көчөлөрдү жарыктандыруу чектелди. Мындай абал турак жайларда жана административдик имараттарда кондиционерлердин энергия керектөөсү кескин өскөндүктөн киргизилди.

 

Өзбекстандын гидрометеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү республикада абанын температурасы 40 градустан ашса, айрым жерлерде 44 градуска чейин ысыйт.