Илон Маск кайрадан эң бай адамдардын сап башына чыкты

Америкалык бизнесмен Илон Маск кайрадан Forbes журналындагы эң бай адамдардын тизмесин жетектеди. Учурда ишкердин байлыгы 242 миллиард доллардан ашат деп бааланууда.

 

Экинчи орунда 235,7 миллиард доллар менен Бернар Арно турат. Ал эми 151,5 миллиарддан азыраак көрсөткүч менен алдыңкы үчтүктү Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безос жабат.