Саламаттык сактоо системасы кагаз менен иштөөдөн баш тартат

Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы кагаз менен иштөөдөн баш тартат. Мекемеден билдиришкендей, эми иш кагаздары электрондук форматта жүргүзүлөт.

 

Жаңы эрежеге ылайык, медицина кызматкерлери мындан ары бейтаптарга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп күтүлүүдө.

 

Жарандар аларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу маалыматты электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы санариптик ден соолук профилинен көрө алат.