Ысык-Көлгө кошумча такси каттамдары уюштурулду

Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттай турган жүргүнчү ташуучу жеңил унаалар жана маршруттук таксилердин жетишсиздигине байланыштуу 20га жакын кошумча такси жана 8 автобус уюштурулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

 

Транспорт Бишкек-Чолпон-Ата-Каракол багыты боюнча жүрөт.

 

Айдоочулардын жолго чыгаар алдында күн сайын медициналык жана техникалык кароодон өткөн-өтпөгөнү да көзөмөлгө алынат.