Аймактык реформанын алкагында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды

Аймактык реформанын алкагында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ирилештирүүнүн негизинде 113 миллион сом үнөмдөлөт, аны үч жылга аймакка калтыруу сунушталып жатат.

 

Эске салсак, аймактык реформа үчүн Ысык-Көл облусунун Түп району пилоттук долбоор катары тандалып алынган. Ага ылайык, райондогу 13 айыл өкмөтү бешке чейин кыскартылган.