Быйыл Кыргызстанда тоют нормадан 30 пайызга аз жыйналат деп күтүлүүдө

Айыл чарба министрлиги быйыл Кыргызстанда тоют нормадан 30 пайызга аз жыйналат деп күтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында ведомство башчысы Аскарбек Жаныбеков билдирип, экспортко чектөө, импортко жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштады.

 

Өз кезегинде өкмөт башчы Акылбек Жапаров тоют жетишсиз болгон учурда малды сатуу системасын иштеп чыгууну сунуштады.