Эмгек министрлиги мигранттар үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Арслан Байсопуевдин айтымында, анда каалаган адам ишке орноштуруу агенттиктеринин расмий түрдө иштер-иштебесин текшере алат.
Мындан тышкары, ишке орношуу үчүн бара турган өлкөнүн мыйзамдары тууралуу маалымат алса болот.
Ошондой эле элчиликтердин, консулдуктардын байланыштары жана башка пайдалуу маалыматтар бар.