Кыргызстанда 1800дөн ашуун адам унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Кыргызстанда төрт айда 1800дөн ашуун адам бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөндөн тарта ичимдик ичип машине айдагандар 17 пайызга азайды.

 

Эске салсак, быйыл 8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.