Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттан турат.   Учурда темир-бетон каркастарын куруу иштери аяктап, кирпич коюу жана чатыр жабуу иштери уланууда.

Голландияда мектеп окуучуларына гаджет колдонууга тыюу салынат

Кийинки жылдан тарта Голландияда мектеп окуучуларына планшет, телефон жана акылдуу сааттарды колдонууга тыюу салынат.   Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, гаджеттер алардын окуудагы көрсөткүчтөрүнө чоң таасирин тийгизип, окуу процессине көңүл бурууга тоскоол болууда.   Аппараттарды пайдаланууга санариптик көндүмдөр боюнча сабак ​​учурунда гана уруксат берилет.

Кыргызстанда 20 стационардык оорукана курулат

Кыргызстанда 20 стационардык оорукана курулат.   Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынан билдиришкендей, мекемелерди куруу үчүн аймактар ​​ал жактагы калктын санына жараша тандалат.   Учурда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүп, министрлер кабинетине берилди.

Токмокто жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Токмокто жаңы машина-трактор станциясы ачылды, ал жергиликтүү дыйкандарга жер айдап, жаңы технологияларды үйрөтүүгө жардам берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Станциянын аймагында айыл чарба техникаларынын соода аянтчасы, фермерлерди окутуу борбору, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоонун биологиялык каражаттарын чыгаруучу лаборатория бар.

Быйыл өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбойт

Быйыл өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбойт.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылы өлкөдө социалдык маанилүү продукциянын тогуз түрү боюнча эсептелген көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу жогору болушу күтүлүүдө.   Эске салсак, социалдык маанидеги тизмеге ун, нан, сүт, суу май, эт, кант, күрүч жана чай кирет.

Кыргызстанда турак-жай жеткиликтүү болуп калды

Кыргызстанда турак-жай жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук банк эсептеген индексте айтылат.   2022-жылга карата соңку эсептөөлөр боюнча 54 чарчы метр эки бөлмөлүү батирге каражат топтоо үчүн 9,5 жылдан бир аз көбүрөөк убакыт керектелет, 2021-жылы бул көрсөткүч 11 жылды түзгөн.   Бул бир үй-бүлөнүн орточо… Кененирээк…

Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы өзгөрдү

Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрдү.   Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 5-августка чейин «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жер иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү:   — №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев… Кененирээк…

Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди

Баткендеги Суу-Башы каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматта айтылгандай, Кара-Булак айылындагы каналдын курулушу менен айылдын кургап кеткен 550 гектар жери суу менен камсыз болот.   Аталган канал 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен суу 50 пайызга чейин жоготууга учурап, айылда таңкыстык жаралган.

Кыргызстанда “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Кыргызстанда “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда жактырган.   Конституциялык мыйзамдын долбоорун президент сунуштаган жана депутаттардын сын-пикиринен кийин аны кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ага ылайык, мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1 миң 70тен 700гө кыскарды.  … Кененирээк…

Чүйдөгү “Унаа” мекемесинин бөлүмү жети күндүк график менен иштеп жатат

Чүй облусундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Сокулук-Москва бөлүмү жети күндүк график менен иштеп жатат.   Ведомстводон эскертишкендей, жарандар дем алыш күндөрү да жоголгон айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу же калыбына келтирүү, транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча кайрылса болот.   Ал эми айдоочулук курамды тестирлөө… Кененирээк…