Бишкектеги Элебесов көчөсү, Дордой базарына баруучу жол капиталдык оңдоо иштерине толугу менен жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитет унаа тыгындарын болтурбоо үчүн «Дордой» базарына жана Келечек, Ак-Бата конуштарына башка жол менен каттоону өтүнөт.
Белгилеп кетсек, буга чейин жолдун бул бөлүгүн оңдоо боюнча көп кайрылуулар түшкөн.