Кыргызстанда жаштардын курагы өзгөрдү

Президент Садыр Жапаров «Жаштар тууралуу» мыйзамга кол койду.   Жогорку Кеңеш 21-июнда кабыл алган документке ылайык, эми жаштардын катарына 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар кирет. Буга чейин жаштар деп 28 жашка чейинкилер эсептелчү.   Улуттук Статком мурда маалымдагандай, өлкө калкынын көбөйүү фонунда жаштардын үлүшү… Кененирээк…

Аял күйөөсү аны ашыкча сүйгөндүктөн ажырашууга арыз жазды

Бириккен Араб Эмираттарында сот органы адаттан тыш үй-бүлөлүк ишти карады.   Аял күйөөсү аны ашыкча сүйгөндүктөн ажырашууга арыз жазган. Анын айтымында, күйөөсү ага эч качан кыйкырган эмес, эч нерседен баш тарткан эмес, кээде тамак жасап, үй жыйнап да коет.   Аял кээде чындап эле чыр-чатакты… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу болбойт.   Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин Жайыл Баатыр, Садырбаев, Абдрахманов жана Шералиев көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт.   Ага ылайык, турак жайлар, мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык объектилер суусуз калат. Мунун себеби… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын улуттук курамы соңку жети жылдан бери туруктуу

Кыргызстан калкынын улуттук курамы соңку жети жылдан бери туруктуу. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.   Быйылкы жылдын башына карата өлкө калкынын 74 пайызын кыргыздар, дээрлик 15 пайызын өзбектер, 5 пайызын орустар, бир проценттен бир аз ашыгын дунгандар түздү. Уйгур, тажик, корей, казак ​​жана башка… Кененирээк…

Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлдү

Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Аткарылган жумуштардын алкагында электр жабдууларын тазалоо, майлоо, сырдоо, сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлдү.   Муну менен Ат-Башы ГЭСинде жылдык оңдоо графиги боюнча иштер толугу менен аяктады.

Түп районундагы үч айылда 90дан ашык үйдү суу каптады

Түп районундагы үч айылда 90дан ашык үйдү суу каптады.   Селдин кесепети тууралуу баштапкы мааалыматтарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Ага ылайык, Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү суу каптады.   Селдин айынан чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады.   Учурда… Кененирээк…

Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту

Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Электрондук виза бир жылдык мөөнөткө берилет. Аны алгандар Сауд Арабиянын аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот.   Конок визасы туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, жарандардын… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү бир нече айылда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык кечээ, 7-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын суу каптаган. Учурда аталган айылдарда 40тан ашык куткаруучу иш алып барууда. Селдин кесепети жана чыгымы такталып… Кененирээк…