Талас облусунда кечээ күндүзгү саат 4төрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Беш-Таш жаратылыш паркын сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги агын суу корукка үч жеринен киргенин билдирди.
Ошондой эле Талас — Тараз жолунун 81-чакырымында, Кара-Суу айылындагы бөлүгүндө сел жүрүү коркунучу жаралып, анын алды алынды.
Учурда «Беш-Ташта» топон суунун кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.