Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду

Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду.

 

УКМКдан билдиришкендей, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Оштогу диний жайлардын ишмердиги текшерилди. Ага ылайык, айрым мечит-медреселердин башаламан жайгашуусу, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбаганы, медреселердеги билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу аныкталган.

 

Натыйжада кээ биринин ишмердиги убактылуу токтотулуп, айрым сыйынуу жайларына айып пул салынды.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашык диний уюм каттодон өткөн.