Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы этабы жүрүп жатат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы этабы жүрүп жатат.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тандоо “Абитуриент онлайн” маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт. Документтер эртеңкиге чейин кабыл алынат.

 

Эске салсак, буга чейинки үч турда 20 миңден ашык бүтүрүүчү ЖОЖдорго кабыл алынды.