Калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,5 миллиард сомдон ашык бөлүндү

Жыл башынан бери калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,5 миллиард сомдон ашык бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарга, социалдык пособиелерге, бала төрөлгөндө бир жолку төлөмгө, ритуалдык төлөмдөргө жумшалган.

 

Ошондой эле, акчанын бир бөлүгү жөлөк пулдун ордуна компенсацияга, жумушсуздарды кесиптик окутууга жана майыптыгы бар балдардын персоналдык жардамчысына сарпталган.