Кыргызстанда эки жаңы ишкана ачылат

Кыргызстанда эки жаңы ишкана ачылат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сентябрда ишке кире турган заводдун бири «Кыргыз бетон курулуш», экинчиси «Кыргыз топчу» деп аталат.

 

Өндүрүшкө заманбап жабдуулар Италиядан алынып келинет.

 

Завод ишке кирсе, жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт деп күтүлүүдө.