Кыргызстанда 12 миң 465 бош жумушчу орун бар

Кыргызстанда 12 миң 465 бош жумушчу орун бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 99 миң 100 адамды түзөт. Андан тышкары расмий катталган жумушсуздардын саны 74 миңден ашык. Бир бош орунга 16 жумушсуз адам талапкер.

 

Жарым жыл ичинде иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 7,5 миң жумушсуз жаран ишке орноштурулган.