Түптөгү айылдарды селден кийин тазалоо иштери уланууда

Түп районунун бир катар айылдарында 7-августтагы селден кийин тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарында сел суулары 92 үйдү, ошондой эле короолорду, жер төлөлөрдү, жолдорду жана айдоо аянттарын каптаган.

 

Кырсык болгон жерде 100дөн ашык куткаруучу, жергиликтүү тургундар, райондук администрация жана атайын техника иштеп жатат.

 

Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы үч айылда сел жүргөн.