Ысык-Көлдө Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган жаштар форуму өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Чолпон-Атада 10-11-август күндөрү болот.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.