Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Министрлер кабинетинен белгилешкендей, быйыл билим күнүн жылдыруу пландалган жок. Эске салсак, 1-сентябрь бул жылы жума күнгө туура келет.
Ал эми бейшемби, 31-августта өлкөдө эс алуу жарыяланат. Кыргызстандыктар Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын белгилейт.
Өлкөнүн бардык мектептеринде 1-сентябрда Билим күнү салтанаттуу линейка менен башталат. 4-сентябрь, дүйшөмбүдө балдар толук кандуу окууга кайтат.