Түркиянын түштүгүндөгү Хатай шаарында температуралык рекорд катталды

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай шаарында температуралык рекорд катталды. Бул жерде аба табы 50 градуска чейин ысыды. Буга чейинки рекорд 2021-жылдын 20-июлунда Ширнак шаарында катталган – 49 градус.

 

Негизинен аптаптуу ысык Түркиянын 4 аймагында болуп жатат – Адана, Мерсин, Хатай Османиеде.