Кубанын Гавана шаарында бамбуктан экологиялык таза велосипеддер пайда болду

Кубанын Гавана шаарында бамбуктан экологиялык таза велосипеддер пайда болду. Мындай транспортту жергиликтүү чеберлер жасоодо. Ал эми велоспиед үчүн кыйылган бир бамбуктун ордуна 10 түп отургузулуп жатат.

 

Бамбук суткасына 75 сантиметр өсө турганын эске алганда, өндүрүш жергиликтүү флорага такыр зыян тийгизбейт. Эми каалоочуларга аталган өсүмдүктөн велосипед жасап алуу ыкмасы дагы үйрөтүлүп баштады.