Бразилиялык футболчу Неймар дагы Сауд Арабиянын “Аль Хиляль” клубуна өттү

Бразилиялык футболчу Неймар дагы Сауд Арабиянын “Аль Хиляль” клубуна өттү. Бул тууралуу ал өзү бүгүн жар салды. LʼEquipe басылмасы жазгандай, Неймардын айлыгы жаңы клубда жылына 80 миллион еврону түзөт.

 

Эске салсак, Неймар “Барселонадан” ПСЖга 2017-жылы рекорддук 222 миллион еврого өткөн. Сауд арабиялык клубдарга буга чейин португалиялык футболчу Криштиану Роналду жана франциялык Карим Бензема да өткөн.