Кыргызстанда азык-түлүк дефицити быйыл болбойт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, биздин өлкөдө үстүбүздөгү жылы 9 социалдык маанилүү азык боюнча эсептөө көрсөткүчү 2022-жылга салыштырмалуу жогору болушу күтүлөт.
Эске салсак, социалдык маанилүү азыктардын тизмесине ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, күрүч жана чай кирет.