Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары дээрлик эки эсе кыскарды

Июнь айында мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары дээрлик эки эсе кыскарды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

 

Трансферттердин суммасы 163,5 миллион долларды түздү (өткөн жылдын ушул эле мезгилинде сумма 300 миллион доллардан ашык болчу).

 

Каражаттын негизги бөлүгү же 91 пайызга жакыны дагы эле Россиядан келет.