Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы галерея жарым жартылай ишке берилди

Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы галерея жарым жартылай ишке берилди.

 

Жаңы туннель аркылуу унаалар өткөрүлүп, эски айланма жолду жабуу жумуштары жүргүзүлүп жатат, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.

 

Эске салсак, галереянын бийиктиги 8,6 метр болсо, кеңдиги   10,5 метрди түзөт. Ал эми жалпы узундугу 460 метрге жетет.