Кыргызстанда ооруп калгандыгы боюнча төлөмдүн көлөмү көбөйтүлдү

Кыргызстанда ооруп калгандыгы боюнча төлөмдүн көлөмү көбөйтүлдү. Эмгек министрлиги эскерткендей, алгачкы 10 жумушчу күн үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө аныкталып, 11-жумуш күнүнөн тарта төлөм эми 10 миң сомду түзөт.   Мурда бул сумма  5 миң сом болчу.

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, силкинүү бүгүн саат 03:36да болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Араван районунун Араван, Көчүбаев, Мангыт, Жаңы-Араван айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…