Өлкөдө баш кошкондордун саны азайды

Өлкөдө баш кошкондордун саны азайды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда жарым жылдын ичинде 19 миң жуп расмий түрдө үй-бүлө курду.

 

Бул 2022-жылга салыштырмалуу 2 миң 687ге аз. Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт өргөөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз датада 62 баш кошуу аземи өткөн.