Кыргызстанда ооруп калгандыгы боюнча төлөмдүн көлөмү көбөйтүлдү

Кыргызстанда ооруп калгандыгы боюнча төлөмдүн көлөмү көбөйтүлдү. Эмгек министрлиги эскерткендей, алгачкы 10 жумушчу күн үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө аныкталып, 11-жумуш күнүнөн тарта төлөм эми 10 миң сомду түзөт.

 

Мурда бул сумма  5 миң сом болчу.