Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

-министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
-тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
-Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
-экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
-Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.