Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Аталган авто жолдун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, трасса убактылуу жабылган. Учурда окуя болгон жерде “Кыргызавтожол” ишканасынын Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана төрт техника иштеп жатат.
Көлөмү болжол менен 4 миң метр кубдан ашык жер көчкү эртең мененки саат 9дарда түшкөн.